Ош облусу жана Ош шаарында коронавирус жуккандар менен байланышта болуп, үй карантининде болгон 15 аял төрөдү.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, аларга адистер онлайн-кеңештерди берип турган. Айы-күнү жеткенде обсервациядагы төрөт бөлүмүнө жеткирилген.

Коронавирус илдетин жуктуруп алган эки кош бойлуу келин катталган.

«24-мартка карата оорулар менен карым-катнашта болгон кош бойлуулардын саны 72 болчу. 1-майга алынган маалыматтар боюнча,  45 аял болду», — деп айтылат маалыматта.