Коом

Белоруссияда 9-майда аскер парады өтөт

Александр Лукашенко Минскиде өтө турган Улуу жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парадды башка күнгө жыллыруу мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал 9-майда “миңдеген киши майрамдын өтүшүн каалайт”, — дейт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Лукашенко “көпкө ойлонгонун”, бирок согуштун ардагерлери “аларды иш-чарага алып келүүнү талап кылып жатканын” билдирген. Президент «ардагерлер бийлик короноавирустан чочулап, парад уюштурбай койду деген ойдо калбасын» деген.

Эске салсак, 7 миңдей беларус жараны 9-майда эл чогулса, коронавирустун жайылып кетүү коркучучу чоң экенин эскерткен петицияга кол коюшкан.

Ал эми өлкөнүн коргоо министрлиги «мындай эпидемиологиялык абал иш-чараны өткөрүү үчүн зарыл, анткени бул армиянын согуштук даярдыгынын бир бөлүгү» деп билдирген.

Учурда Беларуссияда 16 миңге чукул кишиге вирус жуккан. Пандемия башталгандан бери 97 киши көз жумса, вирус жуктургандардын саны 800-900 кишиге жетет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button