![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/1_1036332.jpg)
Коом
Санкт-Петербургда психиатриялык ооруканада вирус аныкталды
Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Кащенко атындагы психиатриялык ооруканадан 44 адамдан коронавирус аныкталганын, аргумент жана факты орус басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов ооруканада 28 бейтап жана 16 кызматкер вирус жуктуруп алганын билдирди. «Вирус менен ооругандар №3 Шаардык психиатриялык ооруканасынын өзүнчө корпусуна жайгаштырылат.
Ал жерде вирус жуктургандарга 70 орун дайындалган. Ал эми оорууканада вирус кайдан пайда болуп калды, аны атайын комиссия иликтейт», — дейт Беглов.