Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 3,5 миллондон ашты. Бул тууралуу Интерфакс маалымат агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, коронавирус илдетин жуктургандар 3 505 761 адамга жетип, вирустан көз жумгандардын саны 247 431ди түзсө, дагы 1 125 104 бейтап илдеттен айыккан. Белгилүү болгондой, коронавирус инфекциясы 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарында деңиз азыктарын саткан базардан тараганы айтылган.

Бүгүнкү күнгө карата, Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 795 кишиге жетти.