4-май: айыккандардын баары Бишкек менен Нарында

Бир сутка ичинде 11 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Айыгып үйлөрүнө чыккан бейтаптар Бишкек шаарында – 7 жана Нарын облусунда – 4.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 575 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.