Бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Жалал-Абад облусунда – 2
Бишкек шаарында – 6
Нарын облусунда – 1

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 216 учур катталды, алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.