Таажы вирус көрүнбөгөн оор вирус болду деген менен, андан оор вирус саясый вирус окшобойбу. Бул дагы таажы вирустай симптомдуу жана симптомсуз өтө берет экен. Мунун эң жаманы экинчиси окшойт.

Мына ушул саясый вирус Урмат Барктабасов деген азаматтан да чыгып, саясат менен ооруганы аныктала баштады.

Өзүнүн Фейсбук бетинде саясый жүрүш кылып, өзүн өзү айда бир пиарлап, саясий вирус менен ооруганын ачыктай баштады. Урмат Барктабасовдон улам саясый вирус жуктуруп алгандардын экинчи толкуну улам бир жаңы саясый өнөктүктөрдүн башында, анан өлкө башына кандайдыр бир кыйын иш түшкөндө башталаары белгилүү болуп калды.

Урматтын арааны ачылып, Акаев учурунда 2004-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясын түптөйт. 2005-жылкы революцияга катышып, Акаевдин баласы Айдардын офисине чабуул кылып, чоң суммадагы каражатты алып кеткен деген да маалыматтар айтылып жүрөт.

Революциядан кийин таскагын катуулатып, президенттик шайлоого катышам деп шымаланып чыгат. Борбордук шайлоо комиссиясына берген арыздарын текшере келгенде, Казакстандын да жараны болуп чыгып, абийири ачылып, шайлоого катышуудан четтетилгени бул кечээги эле тарых да.

Тарых десе эле кайсы бир доордо болуп өткөн окуялар тарых барактарынын бүктөмү менен кошо билинбей кеткенсип, унуткарам деген көз боемочулук аракети элди баарына маалым болгон. Азыр четин чыгарсаң, ар бири саясат таануу илиминин «доктору» болбосо да, «кандидаты» болуп калган кыргыз эли абдан жакшы билет, кимдин ким болгонун, кимдер менен табакташ болгонун. Анан жөн жатып калбай, кимиси кимисин шыкактап аңга түрткөнүн ким билсин, тарапташтары менен Акүйдү аз канча мүнөткө басып да алышпады беле.

Өзгөчө корголуучу объект болгондон кийин укук коргоочулар Урмат баатырга бийликти күч менен басып алуу боюнча берене менен иш козгогон. Анан эмне, Урмат Акүйгө ойлонбой эле, ойноп кирип кетиптир деп кечирим бермек беле. Бирок Барктабасов баарына билгизбей, партиясын да таштай салып, из жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Бизде бардык саясатчылардын башына күн түшсө качып кетип, башкалкалаар жайы табылып кала турган тоодой бактысы бар эмеспи.

Иши кылып, кайда жүргөнүн ким билсин, 2010-жылы канкор Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин, элдин башына күн түшкөн Июнь коогалаңы маалында Кыргызстанда пайда болгон. Анан баягы саясий вирусу кайра козголуп, Ысык-Көлдө курултай уюштуруп, карантинде жатып, 5-августта Көлдөн Бишкекке жүрүш жасайт. Милиция өкүлдөрү менен бул жүрүштүн демонстранттарынын кагылышуусунда курал жарагы бар дагы 4-5 тарапташы менен колго түшүп шермендеси чыкты эле.

Бир жылдан кийин кылган кылык-жоруктарынын негизине сот аны айыптуу деп таап, эркиндигинен ажырады эле бечара. Эми ушинтип 2 ирет жолу болбой саясый вирус менен ооруганы аз келгенсип, накта таажывирус чыкканда обсервацияга деп көлдөгү мейманканасын сунуштап чыкканда, «чын дили менен болсо экен» деп шекшигендер болду эле.

Мына, көлгө ооругандар канча ирет жеткирилди, мейманканасын берген жок. Аны күндөн-күнгө Фейсбук баракчасы аркылуу өзүн пиарлаганы баягы күмөн саноолорду тастыктап, кашайып чындыкка айланып барат.

Айрым адамдардын тагдырын байкасаңыз, жашоосунда башка тармактардагы иши ийгиликтүү болуп, ити чөп жегенине карабастан, бир ирет саясый вирус жуктуруп алгансып, маал-маалы менен саясатка баш багып турушканы таңгалтырат.

Дал ушундай таңгалычтуу, табышмактуу кишилердин бири Урмат Барктабасов болду. Сыртта жакшынакай бизнеси барбы-жокпу ким билсин, ити чөп жеген, адалдан киреше тапкан болсо элине бийликке келбей эле эмне деген жардамды берсе болот.

Башкага башы жеткен, ушуга башы жетпейби Барктабасовдун?