Мамлекет башчысынын пиарды жакшы көрбөгөнү, жасап жаткан иштерин улам-улам кайталап айта берүүнү жактырбаганы, анын оппоненттери үчүн сын айтууга жакшы «илинчек» болуп берип жатканын коомчулук деле түшүнүп турат. Атайылап ар кандай негизсиз сын-пикирлерди айтып, бийликти элге жек көргөзүүнүн амалын жасап жаткан айрым саясатчылардын бузуку аракеттерине карабастан президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн журт атасы катары тагылган милдетин так жана эффективдүү аткарууда.

Дүйнөнүн 180ден ашуун мамлекетин каптап кирип келген COVID-19 пандемиясы биздин Кыргызстан үчүн да чоң сыноо болду. Адеп бул вирус Кытайдын Ухань шаарынан чыгып, Европа мамлекеттерин каптай баштагандан тарта эле мамлекет башчысы Коопсуздук Кеңешинин жыйындарын өткөрүп, бул илдеттин алдын-алуу чараларын талкуулай баштаган. Бирок, коронавирус илдети эч кандай чек арага карабай турганын көрсөттү. Муну экономикасы күчтүү делген Европа мамлекеттеринин мисалынан билсек болот.
Бул илдет Кыргызстанда адеп катталгандан тарта өз убагында өлкөбүзгө өзгөчө кырдаал киргизилди. Андан кийин коронавирус көбүрөөк каттала баштаган шаарларда, аймактарда өзгөчө абал режими кирди. Мындай кадамдарга баруунун артында өлкө экономикасына өтө чоң соккулар урулуп, бир топ зыян тарта турганыбыз да белгилүү эле. Алдын-ала айтылган божомолдорго караганда өлкө бюджети 40 млрд сомдун тегерегинде зыянга учурайт. Бирок, калктын саламаттыгы ар кандай материалдык кызыкчылыктардан жогору тураарын мамлекет башчысы өзгөчө абал режимин киргизип жаткан учурда да айткан, андан кийин да айтты.

Ошентип өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал режимдеринин аркасында коронавирус илдетинин кеңири жайылып кетишинин алдын алдык. Муну элибиз да туура түшүнүп, үйдөн чыкпай, көпчүлүк чогулган жерлерге барбай, бийликтин койгон талаптарын так аткарышууда. Кыргыз бийлиги Россия, Түркия сыяктуу дагы бир катар мамлекеттерде жашап, иштеп жүргөн мекендештерин атайын рейстерди уюштуруу менен мекенине кайтарып келди.
Ал эми ошол эле убакта коңшулаш Тажикстандын бийлиги бул илдетти көп этибарга албай, узак убакытка чейин «Бизде коронавирус жок» деп келишти. Кыргызда «ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат» деген сөз бар. Анын сыңары тажик бийлиги да коронавирустун белгилери байкалган ооруларды жаап-жашырып отургандай эле болгонун дүйнө коомчулугу байкап турду. Акыры кече жакында гана расмий түрдө Тажикстанда коронавирус катталганын ачык айтып чыгышты. Эми бул өлкөдө абал чатагына айланышы мүмкүн экенин Дүйнөлүк банк билдирип чыкты.

“Тажикстанды кыйын кырдаал күтүп турат. Бул мамлекетте COVID-19 вирусунун оор түрүн 72 000ден 230 500гө чейин, ал эми өтө оор вируска 13 600дөн 43 500гө чейин адам кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калышы ыктымал. Ал эми каза болгондордун саны 6 600дөн 21 000ге чейин жетиши күтүлүүдө”, — деп айтылат Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө. Буга себеп катары аталган өлкө карантиндик режимди кармабаганын да кошумчалаган.

Коронавирусту тоготпогон өлкөлөрдүн дагы бири Белоруссия болду. Акыркы маалыматтарга караганда бул өлкөдө аты жаман илдетке чалдыккандардын саны 15 миңден ашты. Президенти Лукашенконун хоккей командасынан да бул илдетке чалдыккандар катталды.

Япония өлкөсү да өзгөчө абал режимин көпкө чейин киргизбей отуруп, акыры бизден кийин киргизди.

Адегенде бул ооруну тоготпой жаткан Италиянын абалы бир топ чатагына айланды. Алтургай ири держава АКШда да абал чатак. Бул илдетке кабылгандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча биринчи орунга чыкты.

Албетте, бул пандемия жер жүзүнөн биротоло жоголмоюнча коркунуч жарата берет. Бирок, ошентсе да аны өз өлкөбүздөн биротоло жок кылуу, кеңири жайылтпоо өзүбүздүн колдогу маселе. Мына ушул жагынан кыргыз бийлиги эффективдүү кадамдарды жасады.

Президент С. Жээнбеков 2010-2015-жылдары Ош облусунун губернатору катары да мыкты иштеген. Андан кийин премьер-министр катары өзүнүн жогорку дараметин көргөздү. Муну мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да убагында туура баамдап “Сиз мен президент болуп тургандан берки эң мыкты иштеген өкмөт башчысы болдуңуз” деген болчу. Эми президент катары да мыкты стратег экенин далилдеп жатат. С. Жээнбеков өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн алгачкы эки жылында чет мамлекеттерден эч кандай кредит алган эмес. Бүгүнкүдөй оор кырдаалда гана кредит алууга туура келди. Эгерде буга чейин сырттан карызга кредит алып жибергенде, азыр карыздын суммасы дагы бир топ болуп кетмек.

Эмнеси болсо да сүйүктүү Кыргызстаныбызды, калкыбыздын саламаттыгын сактоо эң башкы милдет болду бүгүнкү күндө. Бул милдетти мамлекет башчысы жогорку деңгээлде ишке ашырууда. Болгону жалпыбыздын колдообуз, туура түшүнүү менен мамиле жасообуз гана керек.