Кыргызстанда 27 күч кызматкериненен коронавирус аныкталганын коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 10 адам республикалык клиникалык жана жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып, үйлөрүнө чыгарылган.

Дагы 10 бейтап аталган ооруканада дарыланып жатат.

Күн мурун дагы 7 кызматкер коронавирус менен ооруканага жаткырылган.