Ички иштер органдарынын кызматкерлери бардык татаал кырдаал болгон учурларда, аларды жөнгө салууга дайыма өз салымын кошуп келет.

Азыркы орногон оор кырдаалда да, милиция кызматкерлери медициналык кызматчылар, башка күч түзүмдөрдүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу багытында бардык күчүн жумшап келүүдө.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаал режими алкагында комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Райондук ИИБнин бардык өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен тышкары, ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызматкерлери да, коомдук коопсуздук жана укук тартипти камсыздоого тартылган.

Азыркы учурда, Жети-Өгүз районунун аймагында 2 санитардык-карантиндик посттор орнотулган, алар: Ак-Суу району менен чектешкен Ырдак айылында жана Тоң району менен чектешкен Тосор айылдарында жайгашкан. Ар бир постто, жергиликтүү милиция кызматкерлери, саламаттыкты сактоо кызматчылары, ӨКМнын жана өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү күнү-түнү кызмат өтөшөт.

Мындан тышкары, Кызыл-Суу, Саруу, Дархан, Тамга, Жеңиш айылдарында 6 фильтрлөөчү посттор жайгаштырылган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн демилгеси менен жергиликтүү тургундардан, элдик кошуундан жана айыл-өкмөтүнүн кызматкерлеринен куралган 16 айылда ичинде кошумча посттор орнотулган. Посттордо коомдук коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо үчүн бирден милиция кызматкерлери бекитилген. Райондун аймагында милиция кызматкерлери башка тиешелүү кызматтар менен коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу багытында иш-чараларды жүргүзүүдө. Туруктуу негизде жарандар менен карантиндик режимдин эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, жергиликттүү тургундарга үн чыгаруучу каражаттар аркылуу коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучу тууралуу маалыматтар берилип, жеке коргонуу эрежелерин сактап, үйдөн зарыл болгон учурда гана чыгуусу, адамдар арасында аралыкты сактоосу, бет кап кийүүсү, коомдук жайларга барбоосу зарылчылыгы жөнүндө айтылууда.

Жети-Өгүз РИИБнин кызматкерлери кылмыштуулук менен күрөшүү жана укук тартипти камсыздоодо максатында көчөлөрдө кызматтык унаалар менен кайгуул уюштурулууда.

Бүгүнкү күндө, райондо жайгашкан 2 обсервациялык пункт милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынган. Постто турган милиция кызматкерлери керектүү болгон коргонуучу каражаттар, бет кап, кол кап, атайын костюмдар жана антисептиктер менен камсыздалган.

ИИМдин басма сөз кызматы