Чет өлкөдөн келген 5 кыргызстандыктан вирус аныкталды

Анкара, Стамбул, Екатеринбург, Дубайдан келген 5 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталганын бүгүн, 4-майдагы брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

“17-апрелде Кыргызстанга чартердик каттам менен 1117 жүргүнчү келген, алардын баарынан ПЧР-анализдери алынган. Беш жарандан вирус аныкталып, бардыгы ооруканага жаткырылган”, – деп билдирди.