Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал 11-майга дейре узартылганына карабай, экономикалык мааниге ээ болгон бир топ ишкана-мекемелердин ишмердүүлүгү жандандырылды.

Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага байланыштуу Жалал-Абад шаарынын комендатурасы тарабынан тиешелүү мерчемдер кабыл алынып, анын негизинде күч түзүмдөрү жана тиешелүү кызматтар тарабынан эл арасында илдеттин алуу боюнча санитардык-эпидемиялогиялык эрежелерди жана коомдук тартипти сактоо менен үйдө болуп турууну түшүндүрүшүп күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.