Бишкек шаарынын мэриясы баш калаадагы краантиндик постторду кайрадан коюуну мерчемдеп жатканын бүгүнкү жыйында вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.

«Бишкек мэриясы борбордогу карантинге карата  ички  тосмо постторду кайрадан орнотууну карап жатат. Бул унааларды жана жөө жүргөн адамдардын кыймылын чектейт. Бишкек мэриясы карантиндин чараларын күчөтүүнү колго алат. Андан тышкары инфекция тарап жаткан очогу чыккан жерлерге кошумча карантин посттору коюлат,- деди Кузнецова.

Вице-мэрдин айтымында  вирус чыккан аймактардын көбү жаңы конуштардан катталып жатат. Ушул конуштарда карантинди күчөтүү зарылдыгын билдирди.

1-майдан тарта борбор калаада бир топ экономикалык тармактардын иши жанданып, такси кызматы иштей баштаган.