Интернеттеги социалдык баракчаларда депутат Кубанычбек Жумалиевдин байлыгын эсептеп, ага карата бир топ кинелерди койгон Сыймык Жапыкеев менен сотто сүйлөшө турганын Кубанычбек Жумалиевдин жубайы Роза Аманова “Коом Рress” сайтына билдирди.

“Сыймык Жапыкеев аттуу жигит биздин үй-бүлөгө болуп көрбөгөндөй каралоону уюштурууда. Анын артындагы дирижерунун ким экендиги дагы ачыкталаар. Эсине келээр десек, эми мени жок кылганы жатышат деп чыгыптыр. Өзү жакшы кеңеш берип жатат, сотко бериш керек деп, дайым эле “бийик” боло бербей, укуктук талаада ал жигит менен сүйлөшүш керек окшойт. Айткандарынын баарын далилдейт деп ойлойм. Өзү мурда прокурор болуп иштептир. Демек, мыйзамдуу жол, адам укугу, жалаа жабуу боюнча кандай жаза колдонулаарын эң жакшы билет деп ойлойм”-деди ал.