Бүгүн 4-майда КР дин Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара- Суу районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды. Ош облусунун аймагында бүгүнкү күндө жалпысы болуп 23 гана согуштун ардагери калды. Аларга Өкмөттүн өкүлүнүн резервдик фондунан ар бирине 10 миң сом акчалай, 2500 сомдук азык-түлүк баштыгы, баалуу белектер тапшырылды.

Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Кара-Суу районунда калган 7 гана ардагерге аким жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү акчалай белектерин тапшырышты.

Жоош айылынын тургуну 96 жаштагы Токтосунов Мамажан ата 10 баланы чоңойтуп 45 небере,97 чебере көргөн. Учурда демдүү ,кезинде колхоздо да бир катар жумуштарда иштеген

Буга чейин КР дин Президенттин жарлыгы менен ар бир согуш ардагерлерине 75 миң, ар бир ооруктун ардагерлерине 15 миң сомдон каражат бөлүнүп берилген. Карантиндик кырдаалга байланыштуу акимдер ардагерлердин үйлөрүнө жеткирип беришкен.

Ардагер аталар Өкмөттүн өкүлүнүн белегине, мамлекеттин камкордугуна ыраазычылык билдирип, элибиз илдетти жеңип чыгып, тынчтыкта жашасын деп бата беришти. Эскерте кетсек, карантиндик кырдаалга байланыштуу массалык иш-чаралар, парад өткөрүлбөй тургандыгы айтылган.
Мындан сырткары облустагы 710 ооруктун ардагерлерине жергиликтүү бюджеттен белектер тапшырылат.

Ош облусунда 21 согуштун ардагери бар.