Өткөн жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясына айыпталып абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун дарегине кайрылуу жолдоптур. Кайрылуусунда ал азыркы өкмөттү кетирип, анын ордуна жаңы өкмөт куроо зарылдыгын, жаңы өкмөттүн курамынын жарымысы АКШ, Япония, Сингапур, Түштүк Корея, Германия, Англия сыяктуу мамлекеттердеги жогорку окуу жайларынан окуп келгендер болушу керектигин айтыптыр.

Мындай сунушун ал коронавирус пандемиясынан кийин өлкөдө экономикалык абалды турукташтыруу үчүн зарыл кадам катары сыпаттаган.

Биринчиден, албетте ар бир жарандын сунуш айтканга укугу бар. Эгерде ал сунуштарда өлкөнүн кызыкчылыгына багытталган жагдайлары болсо, аны пайдалануу кажет. Бирок, бул жерде сунуш айтып жаткан адам өзү ашынган коррупционер жана ууру болуп жатканы кызык болуп жатпайбы. Ал Акаевдин убагында Маммүлктү башкарып туруп, 342 объектини текейден арзан баада менчиктештирип жиберип, өзүнүн жеке финансылык абалын аябай жакшылап чыңдаган чыныгы коррупционер да. Андан сырткары ал ошол Акаевдин доорунан бери карай эле АКШнын тыңчысы болуп келатканын да жакшы билебиз. Муну ал өзү да жашырбайт. Океандын ары жагынан финансылык колдоо алып турат, ал акчаны актоо үчүн Кыргызстанда дайыма ызы-чуу, дестабилдүүлүк болуп турушун каалайт.

Экинчиден, биз Равшан Жээнбеков айткан өлкөлөрдөн окуп келген кадрларды Сапар Исаковдун өкмөтүнөн көргөнбүз. Дал ошолордун акыл-кеңештери менен С. Исаков эки ирет эл аралык деңгээлде өзү кол койгон келишимден өзү кайра баш тартып, уят болгон. Демек, өлкө экономикасын көтөрүү үчүн сөзсүз түрдө эле океандын ары жагынан, же Европа мамлекеттеринен окуп келиштин зарылчылыгы жок. Болгону Равшан Жээнбековдой болуп керт башынын кызыкчылыгын ойлобой, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштеш керек. Равшан Жээнбеков АКШнын бир штатынан эки кабаттуу хансарай сатып алып койгону белгилүү. Ал жакта балдары а окуйт. Азыр ал АКШнын заказын аткаруу үчүн гана Кыргызстанда жүрөт. Ошентип жүрүп эми абакта отурат. Абактан чыга калса эле океандын ары жагына качып барып, ошол жактан элдин башын айланткан ар кандай чакырыктарды жасап турсам дегенде эки көзү төрт болуп турат. Андыктан мындай «супердемократтардын» сунушу өлкөбүз үчүн кооптуу болуп калышы толук мүмкүн. Эгер анын ким экенин билбесек да бир жөн эле.