Ошто үймө-үй кыдырып, элдин саламаттыгын текшерүү иши уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда онлайн брифингде Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаева билдирди.

“Үймө-үй кыдыруу иштери уланып жатат. Бизде шаар боюнча 12 мобилдик топ бар. Алар үймө-үй кыдырышып, жарандардын дене табын өлчөп, экспресс-тесттер алынып жатат. Үй шартында карантинге алынгандарды дарыгерлер көзөмөлдөп турушат. Абалы кандай болуп жатканы боюнча көзөмөлдө болот”, — деди Орозбаева.

Маалым болгондой, буга чейин үймө-үй кыдырып вирусту аныктоодо бир топ жарандар вирус аныкталбаганын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген.