Дүкөнчү байке, дүйнөмдү тар кылып, көзгө жаш алдырат деп үч уктасам түшүмө кирбеген.

Каап эмнеге жигиттер ушундайсынар, супсулуу бою узун, келишкен, мурду кырдач менин идеалым анан эле мурду бучук, семиз кыздын күйөөсү болуп чыкты. Таң калбаңыз окурман башынан айтып берем.

Окууну бүтүп шаарга келдим, студент болдум. Апам кулагыма куяр эле отуруп турса шаарга барып, боёнуп, кийинип жигит жандачу болсоң убара кылып окубай эле кой дечү. Апамдын сөзү кулакка сиңип, сөз таштагандарды тоготпой күндөр өттү. Кыялымда бою узун, супсулуу кара каш, кырдач мурун, кирпиктери узун мырза жашайт.

Үчүнчү курста окуп жүргөнүмдө, жатаканадан таэжемдин үйүнө көчтүм. Баягы эле апам , кокуй арыктап өңдөн азып калыптыр, өзүң кара Гүкүнтай деп туруп алды. Айла жок Ак Ордо конушуна көчтүм. Бир күнү таэжем дүкөндөн ачыткы алып кел деп жиберди. Дүкөнгө кирип ачыткы алып кассага келип сатуучу жигитти көрүп нес болдум.

Менин кыялымдагы мырза алдымда турат он сом чоң кыз деп. Ошол күндөн менде уйку жок, ар кайсы шылтоону айтып дүкөнгө барам. Калп эле боюм жетпеген буюмду айтам, а дүкөнчү байке алып берет. Ары бери басам, муздаткычтын айнегинен аны карайм. Ал деле байкады окшойт менин жан дүйнөм эңшерилип жатканын.

Бир күнү сулууланып сабактан чыгып, нан алганы дүкөнгө кирдим, кеч кирип бараткан. Бүгүн көзүнө жалт карап көзүм менен сездирем деп бардым. Нан алып акчасын берип жатсам, эшиктен ата деп үч жашар бала кирди да мен сүйгөн жигитке жармашты. Артынан, сапсары мурду бучук, чачтары иретсиз , толук аял келип кандайсын жан дегенде, мени бирөө муздак көлгө түртүп жибергендей болду.

Ааай кудай ай, эмнеге жашоо ушундай. Жаңы эле кыялымдагы мырзага жетсем, анын кыялындагы таптакыр башка турбайбы.

Эмнеге эркектер ушундайсынар, сулуу жигиттер толук сары же кара тору кыздардыкы болуп чыга келет.