Американын Вашингтон штатында адамды өлтүрүп коюуга жөндөмдүү өтө чоң көлөмдөгү азия сайгактары (оса) байкалгандыгы тууралуу Guardian басылмасы жазып чыкты.

Бул дүйнө жүзүндөгө өтө чоң сайгак жана анын узундугу 5 сантиметрден ашат. Өзгөчө ал жумушчу аарылар үчүн өтө коркунучтуу.

Аталган штат бийлиги мындай ири өлчөмдөгү сайгактар эки шаарда байкалгандыгы тууралуу айтышкан. Белгилей кетчү нерсе, азия сайгактары апрель айында абдан активдеше баштайт жана адам өмүрү үчүн дагы коркунуч жаратуулары ыктымал.