Коом
Казакстан парламентине жаңы сенат дайындалды
Ашимбаев Маулен Сагатханулы Казакстан Республикасынын парламентинин сенаты болуп дайындалды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыкты.
zakon.kz маалымдагандай Ашимбаева 2019- жылдын декабрь айынан бери, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.
Маулен Ашимбаев 1971- жылы 28- январда Алматы шаарында туулган. С.М. Киров атындагы Казак мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.
Джонс Хопкинс Университетинин эл аралык изилдөөлөр мектебинде стажировкадан өткөн.
Эске салсак Казакстан Республикасынын президентинин 2- майдагы указы менен , мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Назарбаева Дарига Нурсултановнанын сенаттагы ишмердүүлүгү токтотулган.