Коом

Учуп жүргөн адамдар

Коомдо азыр ар кандай ар түрдүү окуялар күн санап ачылыштар болууда. Ошого карабастан талаш жараткан, талкууга түшкөн, көп айтылбаган, такталып так ачылбаган жагдайлар кездешет.

Дүйнөнүн бир бурчунда болгон окуя экинчи бурчуна өтө тездик менен жетүүдө. Ушундай заманда жашап жатсак да, айрым болгон окуяларды «миф», же болбосо фантастика деп кабыл алуудабыз. Бирок ошонун баарынын негизги, маңызы болгон окуядан алынат да.

Айтайын дегеним адамдын мээ түзүлүшү, эгер чындап окумуштуулар айткандай мээнин көп бөлүгү иштей турган болсо, кандай жагдай болоору. Жаш кезде жомок угуп, аны элестетип, кыялга батып, таттуу уйкуга кетээр элек. Эс тартып чоңойгондо ошол чоң апа айткан жомоктор ырас экенине жашоодо болгонуна ишенүүгө аргасыз болдум.

Чоң апам биздин жети аталарыбыздын бирөөсү атагы чыккан молдо болгонун, ага байланыштуу окуяларды айтып берчү. Дал ошол атабыз жин киргендерди дарылап, ажыга жөө барып келчү экен. А кезде унаа жок болуп, ат, эшек менен алты айлап барып келишчү дешет. Ал эми биздин чоң ата бат эле барып келчү, себеби ал кандайдыр бир дубаларды айтып уча алчу экен.

Арадан жылдар өтүп, студент кезде азыркы күндү бир кылым мурда эле айтып койгон олуя, көз ачыктар тууралуу уктум. Эл ичинде жүрүп Чүйдүн бир боорунда, тоо этегиндеги айылда дал ошол менин чоң атам сыяктуу карыя жашап өткөнүн, ал эшеги менен ажыга учуп барганын уктум. А киши бир ирет ажыга баратып, чайканада бел курун унутуп калат.

Ал кезде азыркыдай крокодил, жыландын терисинин жасалган кур эмес, жөнөкөй эле эски жиптен эшилип жасалган кур болчу экен. Ошол курду чай ичкен жерине унутуп кетет. Чайхана ээси курду көрүп , мамыга илип коёрдо ал жыланга айланат.

Дагы башка окуясы, бир ирет кошунанын ити астынан атырылып үрүп чыгат, ошондо ал итти чуркап келаткан жеринен катырып коёт. Бул окуялар албетте фантастика деп кабыл алабыз. Балким окумуштуулар божомолдогондой адамдын мээси 80-90 пайыз иштегени ушул болуп жүрбөсүн?

Эң кызыгы эмне үчүн мындай өнөрдү небере балдары мурастап калган эмес. Балким бул чанда эле адамдарда кезигет? Азыр коомдо биз мындай адамдарды көз боёмочу, гипнозер деп кабылдайбыз. Адатта окумуштуулар адамдын мээси 7-5 пайызы иштейт дешет. Бирок бир ирет коомдо резонанс жараткан «Люси» деген тасма тараган.

Дал ошол тасманын режиссёру эгер адамдын мээси 100 пайызы иштесе эмне болоорун көрсөткүсү келет.

Балким жогоруда сөз болгон эки карыя ушул гипотезаларга далил болуп жүрбөсүн?

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button