Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылында үрөй учурган жол кырсык катталды. Анда май ташыган ЗИЛ унаасы менен жеңил унаа кагышып, бир унаа талкаланып кеткен.

Окуянын видеосун блогер Болот Ибрагимов жүктөдү. Видеонун авторунун айтымында, жеңил унаанын айдоочусун жана жүргүнчүсүн ооруканага алып кетишкен. Алдын ала айтылган кабарларга карганда, арасында жаш бала да бар.

Булак: Назар ньюс