Коом

Жээнбеков Мирзиёевге суу каптоого байланыштуу колдоо сөзүн айтты

Бүгүн, 4-майда Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Президентине Өзбекстан Республикасынын Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.

Ошондой эле Президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашты.

Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button