Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жамааты менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов жолугуп жыйын өткөрүштү.

Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Министрдин орун басары коронавирус илдети менен күрөшүүдө Ош облусунун жана Ош шаарынын илдетти жуктуруп алгандарды дарылоодогу эмгеги, жоопкерчиликтүү мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди.

Дарыгерлер аларга ар тараптуу колдоо үчүн Өкмөткө, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнө жана анын аппаратына, ыраазычылык билдирип, «биз калктын саламаттыгы үчүн күнү- түнү ден соолугубузга кооптуулукка карабай иштеп жатсак, бизге, биздин жамаатка, жетекчибизге көлөкө түшүрүп, жалган маалымат таратып, саясат жасаган, аны 1000дей мүчөсү бар жамааттын бир да өкүлүнүн макулдугусуз соц тармактарга, сайттарга тараткан жаранды таап, мыйзам чегинде жазалап беришиңиздерди сурайбыз» -, деп кайрылышты.

Эскерте кетсек, Ош илдет менен күрөшүүдө шарт жок экендигин белгилеп, белгисиз бирөөлөр маалымат тараткан.

Дарыгерлер «биздин имарат, шарттар Орто Азиядагы мыкты деген долбоор менен салынган. Адистердердин курамы, кесипкөйлугу жогорку деңгээлде. Тескерисинче, бизге «улуттук оорукана » статусун берүү жагын карап бериңиздер»-, деп суранышты.