Каакым элдик медицинада кеңири колдонулуп жүргѳн ѳсүмдүктѳрдүн бири. Бул ѳсүмдүктѳ калий, магний, жез, темир жана А, С, В витаминдери бар. Каакымдын жакшы бышкан мезгили май айы. Анын гүлүн, сабагын, жалбырагын, тамырын баарын бирдей пайдаланса болот.

• Гүлүнѳн кыям, шире, дарылык жана арыктоо үчүн тундурма жасалат.
• Жалбырагын, сабагын башка жашылчаларга кошуп салат жасап, ошондой эле шорпого кошуп жесе да болот. Колдонуудан мурда туздуу сууга чайкап алуу керек.
• Тамырынан кофенин ордун баса турчу чай даярдоого мүмкүн. Каакымдын тамырын апрелдин аягында же август айында чогултуу пайдалуу.

Ден соолукка тийгизген таасири:
• Табитти ачып, зат алмашууларды жакшыртат.
• Организмден токсиндерди чыгарып, тазалайт.
• Нерв системасын бекемдейт, ѳнѳкѳт чарчоонун алдын алат.
• Сѳѳк жана тери ооруларын айыктырат.
• Курт-кумурскалар чагып алса, уусун чыгарууга миңдин бири.
• Ич катуу ооруларына тийгизген пайдасы зор.
• Тери жана муун ооруларына табылгыс дарылардын бири.
• Паразиттердин алдын алат.
• Гемоглобинди жогорулатат.

Булак: ШОК.KG