«Карантин убагында бий» деп аталган акциянын негизинде Германиянын Шютторф шаарында масштабдуу дискотека болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Белгилүү болгондой, бий кечеси автоунаалардын жардамы менен өткөн. «Уюштуруучулар дискотекага автоунаанын ичинде отуруп катышуу жана бир автоунаада 2ден ашык адам болбосун деген талап коюшкан.

Ошентип белгиленген саатта катышуучулар атайын даярдалган аянтчага келишкен. Дискотека 3 сааттан ашуун болуп, аны мыкты диджейлер тейлеп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулай алышкан. Кеченин уюштуруучулары мындай жол менен изоляцияда отурган шаар тургундарынын маанайын көтөрүп коюуну максат кылганын айтышкан.» Эксперименталдуу дискотека ийгиликтүү өттү. Тартип бузгандар катталган эмес.