Өзгөчө абал режими 11-майда токтотулгандан соң, Борбор калаага тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралууда.

Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, шаарга кирүүнү каалаган жарандардан өткөрмө кагаздын, экспресс-тесттин же ПЦР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалым кат талап кылынышы мүмкүн.

“Мэрия Шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте жөө адамдардын жана автоунаалардын каттамын чектөө максатында ички санитардык постторду коюу маселесин карап жатат. Ошондой эле анализдеп чыгып, жаңы конуштардагы карантиндик чараларды күчөтүүгө өтөт. Райондук администрациялар санитардык постторду коюп, ооруну жуктургандар жана байланышта болгондор жашаган аймактардын баарын текшерет. Бейтаптар менен байланышкан адамдарды издөө чаралары күчөтүлөт”, — деп билдирди Кузнецова.