Саламаттык сактоо министрлиги Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында иштеген дарыгер Бактияр Абдраим уулу тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Дарыгердин айтымында коронавирус менен күрөшүп жатканына бир жума болгондо үй-бүлөсүндөгү жагымдуу кабарды уккан.

13-апрелде жаш дарыгердин тун уулу жарык дүйнөгө келген. Эрежеге ылайык, медиктер 14 күн иштеп, андан кийин дагы 14 күн обсервацияга жаткырылат. Мындан улам ал жаңы төрөлгөн уулун азыркыга чейин көрө электигин айтат.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Бактияр Абдраим уулун презенттүү болушу менен куттуктап, ага бүгүн үй-бүлөсүнө барууга уруксат берилээрин кабарлады. Анын карантиндик мөөнөтү аяктап, анализдери таза чыкканы маалым болду.