ММКлардын билдирүүсү боюнча АКШ президенти Дональд Трамп ачуусуна чыдабай өзүнүн шайлоо алдындагы штабынын башчысын сотко берем деп коркуткан. Ага коронавирус эпидемиясынын фонунда Ак үй башчысынын аброюнун күн өткөн сайын төмөндөп жатышы, ошондой эле мурдагы вице-президент Джо Байденге шайлоо өнөктүгүндө уттура баштагандыгы себеп болгон.

Ошондон улам Дональд Трамп ушул жылдын ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоолордо утула тургандыгы анык болсо, шайлоо алдындагы штаб башчысы Брэд Парскейлди сотко берем деп коркуткан — дейт америкалык ММКлар.

Бирок, бейшемби күнү Трамп менен Парскейл ММКлардын бул маалыматы чындыкка коошпойт тургандыгын өздөрүнүн «Твиттер» баракчасына жазып калтырышкан.