Тажикстандын Жерге-Тал районундагы этникалык кыргыздардын абалы оор болуп жатканын Аким Кожоев аттуу жарандык активист жазып чыкты.

«Жерге-Тал кароосуз калды кароосуз калды. Пандемиянын башталгандыгына бир жумадан ашса да, борбордон эч кандай жардам келбей жатыптыр. Кечээ эки киши каза болуп, дагы канчасы оор абалда экен. Ооруканаларда эч кандай даярдык жок дешет. Мындай илдет менен күрөшө турган адистер жокко эсе экен. Райондун борборундагы жугуштуу оорулар ооруканасынын жалгыз адиси өзү илдет жуктуруп алыптыр. Дабагерлерге сактана турган кийимдер да берилбептир. Угушума караганда, жогорудан «өзүңөр сатып алгыла» деген буйрук болуптур. Дарыканаларда да дары-дармек жетишсиз экен. Бийлик тарабынан ооруну алдын алуу, алар менен байланышкандарды таап, обсервацияга жаткыруу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жана башка иш-аракеттер болбогондуктан, үрөйү учкан эл бөөдө кырылып калбагай элек деп карайлап турган чагы. Үнүбүздү кыргыз бийлигине, кыргыз коомчулугуна жеткир деп, кечээтен бери телефон чалып, өтүнүшүүдө. Кандай жардам кыла алабыз, туугандар?!»,-деген билдирүү калтырган.