Американын президенти Дональд Трамп АКШ коронавируска каршы вакцинага ушул жылдын аягына чейин ээ болот деп ишенерин айтты.

Бул тууралуу ал жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде билдирди.

Ал эми адистер вакцина бардык сыноодон өтүүсү үчүн, бир жылдан, бир жарым жылга чейин убакыт керек экенин айтышууда.

Белгилүү болгондой, дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен оору 3,5 миллион адамга жугуп, 247 миңден ашуун адам көз жумган.

Анын ичинде АКШда коронавирус жугузуп алгандардын саны 1,1 миллион адамдан ашып, вирустан 66 миңден көп киши көз жумган.

Эске салсак, учурда дүйнөнүн бир катар Германия, Англия, Франция өңдүү өлкөлөрүндө ондогон ири фармацевтикалык компаниялар, вируска каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат.