Бишкек шаарында ысык суу 1-июнда өчүрүлөт.

Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аны 15-майда өчүрүү пландаштырылган, бирок кырдаалга жана Орозо айына байланыштуу кийинчерээк өчүрүү чечими кабыл алынган.

Мирлан Амантуров кошумчалагандай, чек аралар жабык болгондуктан, оңдоо иштери үчүн керектүү тетиктерди жеткирүүдө кыйынчылыктар болгондугу да себеп болгон.