Коом

Ош: 4 күн мурда ачылган 53 ишкана кайра жабылды

Ош шаарында 1-майдан тарта ишин жанданткан 53 ишкана кайрадан жабылганын Ош шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарган эмес.

Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда иштеп баштаган ишканаларга санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында жалпы 141 мекеме-ишкана текшерилип, санитардык талаптарга жооп берген 75 мекемеге иштөөгө уруксат берилди.

Ал эми 53 ишкана залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы, кызматкерлери милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөнү жана өздүк коргонуучу каражаттардын (бет кап, кол кап, антисептик, кол жуугуч, залалсыздандыруу каражаттары, термометр) жоктугуна байланыштуу ишмердүүлүгү токтотулду.

Мындан сырткары 10 ишканага оозеки эскертүү берилип, 3 касапкана жабылган.

Рейдге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, аймактык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, райондук милиция жана комендатуранын кызматкерлери чыккан. Анда мекеме-ишканалар, соода түйүндөрү, чач-тарач, сулуулук салондору, унаа оңдоочу жайлар, эт сатуучу дүкөндөр, курулуш объектилери жана такси кызматтары текшерилген

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button