Кыргызстанда үй карантинин сактоо боюнча жана коронавирустун жайылышына каршы киргизилген чектөөлөрдү бузган жарандардын жоопкерчилик чаралары күчөтүлүп, айып салынат. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Өкмөт айыппулдун өлчөмүн, кандай тартипте төлөнөрүн тактап чыкты.Жоруктар жөнүндө кодексинин 1271-беренесине ылайык өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу — I категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 5 000 сомдон 15 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин);

  1. Өзгөчө же аскердик абалдын шарттарында карантиндин талаптарын бузуу — II категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 15 000 сомдон 25 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин);
  2. Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабай бузуу менен адамдардын массалык жабыр тартуусуна же болбосо башка ири зыян келтирүүгө алып келсе VI категориядагы айыппул түрүндөгү жазага алып келет (жашы жете электер үчүн 120 000 сомдон 140 000 сомго чейин, башка жеке жактар үчүн 260 000 сомдон 300 000 сомго чейин) же II категорияда эркинен ажыратуу каралат;
  3. Ушул эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими учурунда жасалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап же байкабастыктан бузуу адамдардын массалык түрдө ооруусуна жана уулануусуна алып келсе II категорияда эркинен ажыратуу каралат (жашы жете электер үчүн – бир жыл алты айдан эки жыл алты айга чейин, башка жеке жактар үчүн – эки жыл алты айдан беш жылга чейин).

Белгилей кетсек, карантин киргизилген бери үй карантинин бузганы үчүн 45 адам жоопко тартылган.