Бишкек мэри Азиз Суракматов шаардын түндүк тарабында жайгашкан Чолпонбай Түлөбердиев атындагы паркты колдонууга берүү боюнча даярдыгы менен таанышты.

Маалыматка ылайык, Муниципалдык кызматкерлер асфальт, брусчатка төшөп, отургучтарды орнотушкан. Ошондой эле Түлөбердиевдин эстелиги да коюлган.

Ага кошумча, сейил бакка заманбап диоддук чырактар жана металлдан куралган кош арка коюлуп, алты гектар аянтка газон себилген.

10 гектарды ээлеген сейил бакты көркүнө чыгарууга шаардык бюджеттен 48 миллион сом сарпталган.

Булак: NazarNews.kg