Ал күнү күйөөм демейдегидей эле жумушта эле. Кокусунан телефондун чакыруусу жаңырды. Ал чакырыктан улам телефонду издеп жөнөдүм. Күйөөмдүн шымынын чөнтөгүнөн таап чыктым. Өзүнүн телефону эмес, башка телефон экен. Бирок анын жашыруун кошумча телефону экенин дароо баамдадым. Эки саат чукулап отуруп паролун да билип алдым. Купуя сырдын баары ушул телефондо экенин кайдан билипмин? Бул телефонду Айсулуу деген айым үчүн гана колдонгондой. Ватсапта толо экөөнүн гана жазышкандары. Бири бирине айткан арзуулары экен. Мени жамандаган сөздөрүн, ажырашуубузга аз күн калганын окуп, денем титиреп чыкты. Ушундай адамдан эки уулдуу болуп, кир когун жууп, кареги менен тең айланып, бирок мага болгон сезими ушунчалык жийиркеничтүү экенин кайдан билипмин? Ошол мүнөттөрдө өмүрлүк жолдошумду тирүүлөй жоготуп боздоп отурдум…

Гаухар А.

Aryba.kg