Мындай пикирин журналист Самат Жумакадыров өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты:

“Коронавирус бар!
Бул киши менин чоң апам. Жөн гана Жүзүмкан мама деп чоңойдум. Атамдын бир тууган агасынын келинчеги. Мен алардын азыркы жашап жүргөн үйүндө төрөлгөм. Азыр ал жакта аталаш бир тууганым менен Жүзүмкан мамам калышкан.

Чоң атамды 12 жыл мурун рак илдети алып кеткен. Тилекке каршы коронавирус Жүзүмкан мамамды да алып кетти. Ооба, жанагы “бир врач каза болду” деп аткан бизин мамабыз болуп калды. Жүзүмкан мамам 30 жылдан ашык 3-поликлиникада иштеди. Катардагы медайымдан баштап, бөлүм башчылыкка жеткен. Вирус учурунда мамам дем алыш күнгө карабай, жумасына жети күн иштөөгө туура келди. Ал врачтарга тийиштүү коопсуздук каралбай жатканын биринчилерден болуп айтып чыккан.

Мобилдүү бригаданы врачтардан бөлүү керектигин талап кылган, ошол билдирүүдөн баштап дарыгерлерди да бөлөк-бөлөк кармоо башталды. Жүзүмкан апамдын кооптонгонундай эле бар экен.

Көрсө алардын поликлиникасында 8 дарыгерге вирус жукканын кийин маалымат сайттар жазышпадыбы. Мамамдыкы өтүшүп кетиптир, ал дароо реанимацияда жатып, 8 күн ошол жактан чыкпай, ошо бойдон акка моюн сунуп кете берди.

Мен неге муну жаздым? Бир врач өлдү деген маалымат жер жайнап, талкуу катуу жүрүп жатат. Ошол жерде өйдө-төмөн сөздөр айтылып атканы бизди өкүндүрүүдө. Акчага кызыгып атайын жуктурду, вирус жок, башка оору менен өлсө деле коронавирус кылып коюшту деген ойлор бар экен.

Туугандар! Мамабыздын акыркы жүзүн биз да көрбөй калдык. Моргдон түз эле көргө алып кетишти, жаназасын ошол жактан окуганына сүйүнүп отурабыз. Кесиптеши, туугандары, жакындарын эч кимисин топурак салганга уруксат бербей коюшту. Өкүрүп үн чыгара албай калдык. Мал союп кан чыгара алган жокпуз. Жаман экен. Бул киши мындай өлүмгө татыктуу эмес болчу. Силерден сураныч өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай, Жүзүмкан апамдын арбагына жаман сөз айтпагылачы” — деп жазган.

Эскерте кетсек, дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаева коронавирус дартынан улам каза тапкан. Президент Сооронбай Жээнбеков анын жакындарына көӊүл айтып, аза кайгысын теӊ бөлүшкөн болчу.