Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 135 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 4 унаа киргизилди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары – 110,

Ош шаары –11,

Жалал-Абад шаары – 8,

Ат-Башы району – 6.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4415 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды.

Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 350 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

ИИМдин басма сөз кызматы