Пентагон коронавирустан улам аскердик бюджеттин көлөмү кескин кыскарып   кетүүсү мүмкүн деп тынчсызданууда. Бул тууралуу АКШ Коргоо министри Марк Эспер билдирген.

«Эгерде биз аскерий даярдыкты күчөтүүнү, өзгөрүүлөрдү өткөрүүнү, улуттук коргонуу стратегиясын жүзөгө ашырууну кааласак анда биздин бюджет жылына 3-5%га өсүүсү зарыл. Албетте, мени конгресс жана аткаруу бийлиги  тарабынан коргоону тармагы каралып жаткан бюджет көлөмүнүн аздыгы ойлондурбай койбойт. Мындан сырткары, биз АКШнын башка өлкөлөргө болгон ири өлчөмдөгү карызын дагы эске алышыбыз керек», — деген  Эспер Брукинг институтунда өткөн иш-чарада.

Бирок, ошого карабастан ал Кытай жана Россия тарабынан болуп жаткан «стратегиялык атаандаштыкта» Пентагон куралдуу күчтөрүн модернизациялып жүрүп отуруу зарылдыгын дагы эстен чыгарбоосу керектигин кошумчалаган.