Казакстандын Алматы шаарынын ичиндеги блокпосттор алынды. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Калаа тургундары шаар ичинде эркин жүрө алышат. “Бирок гигиена жана вирустан сактануунун чараларын колдонуу улантылат”, – дейт Алматы Полиция департаментинин өкүлү Салтанат Азирбек.
Белгилүү болгондой, шаар четиндеги 27 блокпост алынган эмес. Алматыга кирүү жана чыгуу мурдагыдай эле атайын өткөрмө аркылуу өткөрүлүүдө.