Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Джекшенкулов коронавирус пандемиясы учурунда кыргызстандык мигранттар башынан өткөргөн кыйынчылыктар жөнүндө Спутник радиосуна айтып берди.

«Коронавирус пандемиясынын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экономикалык кесепеттери» деп аталган видеоконференцияда ал Россияда азыр миллионго жакын кыргыздар бар экендигин, алардын 600 миңге жакыны Москва жана Москва облусунда экендигин белгиледи.

“Көп адамдар менен иштөө кыйынга турат. Биз Россия Федерациясынын жетекчилигине жарандарыбыздын шарттарын жеңилдеткендиги үчүн ыраазыбыз. Мигранттардан тышкары студенттер менен дагы чоң көйгөйлөр бар. 21 миңге жакын студент бар, университеттер аларды сентябрь айына чейин бошотушту, эми алар үйгө кетүүнү күтүп жатышат. Мен өтө тынчсыздануу менен, мигранттардын арасында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны көп экендигин билдирем. Бул өтө чоң көйгөй”, — деди Жекшенкулов.

Ал кошумчалагандай, Россиядагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык корпусу мекендештерге жардам берүү үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат.  Элчи Россиянын бардык жерлериндеги кыргыздарга жардам берген диаспора жана коомдук бирикмелерге ыраазычылыгын билдирди.