Кыргыздын кыйын күнүнө арка-бел, кубанычтуу күнүнө себепкер болгон мыкты айымдардын катарында Батырбекова Лира Касымалиевна да бар. Бул айым мыкты жетекчи эле эмес, мыкты уюштуруучу, мыкты лидер экенин да даңазалап, элине ак кызмат кылып келет. Ушундан улам, кыргыз айымдарына үлгү болчу инсан менен кызыктуу маек курдук.

Маалымат: Лира Батырбекова КРнын Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын ардактуу төш белгисин алган. Кыргызстан аялдар Конгрессинин “Эл аралык маанидеги лидерлиги үчүн” алтын медаль менен сыйланган. КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин “Социалдык коргоонун отличниги”. Чолпон-Ата шаарынын ардактуу атуулу. Ысык-Көл районунун атуулу. КРнын Маданиятынын мыкты кызматкери. Жогорку Кеңештин “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин “Даткайым” төш белгисинин жана ж.б. көптөгөн ардак грамоталардын ээси.

  • Лира Касымалиевна, балалыктагы кичинекей Лираны кандай сүрөттөөр элеңиз?
  • Үйдүн улуусу болгондуктан агасы, эжеси барларга абдан суктанчумун. Ата-энем мугалим, чоң энем эпосторду жакшы көргөн жомокчу болгон. Андыктан, жомок окутуп, жомок айттырып, ага абдан маани берип, жакшы окууга үндөшкөн. Чоң энем: “Тамагыңды түгөтүп жесең, сөзсүз беш аласың” дей берчү. Мугалимдердин кызы болгон соң адептүү болуп, таза жүрүүгө аракеттенип, сиңдиме, үч иниме үлгүлүү болууга умтулчумун. “Балдардын мээримдүү чоңоюсу үчүн алардан мээримиңди аяба” деген апам жумуштан келип үй жумуштары менен да алектенип, баарыбызга бирдей мээрим төгүүгө да жетишчү. Маянасын алган күнү таттуулардын түрүн алып келип, столду жайнатып майрам уюштуруп берер эле.
  • Сиз апаңыздай апа боло алдыңызбы?

-Менимче апама жетпесем керек. Апаларыбыз балдары үчүн баардыгын жасайт тура. Кичине кезибизде апам мугалимдиктен айыл өкмөткө жумушка кирген. Ал кезде апам биз менен көбүрөөк болгусу келгени менен көйгөй жаралган айыл тургундарынын иши менен көп алектенчү. Эсимде, тоогу жоголгону да, кайненеси менен урушканы да, көчөдөн сабашканы да апама келип арызданышчу. Апам тынч отурбай, кызматын аткаруу үчүн ортого түшүп, маселелерин чечип, урушканын жараштырып турчу. Ошондо апамды кызматынан кызганчубуз. Бул абалды азыр мен жакшы түшүнөм. Учурда балдарым да мени менен болгонду каалагандыктан, майрамдарда, дем алыштарда аларга өзгөчө көңүл бурууга аракеттенем.

  • “Үй-бүлө – кичи мекен” демекчи, ушул кичи мекениңиз жөнүндө да айта кетсеңиз? Карьераңыздын өсүшүнө жолдошуңуздун салымы бар деп ойлойсузбу?

-Албетте, жолдошумдун жардамы күч. Эгер аялга колдоо көрсөткөн жан шериги болбосо карьера жаратуу мүмкүн эмес. Биз баш кошкону окуумду аяктап, жумушта да иштеп жаттым. Жолдошум УКК тармагында иштегендиктен кылмыштуулук менен күрөшүп, үйдө көп болчу эмес. Анда балдардын түйшүгү толугу менен мага түшкөн. Кийин 38 жашында пенсияга чыгып, пансионаттарда иштеп калды. Жумушка эрте кетип, кеч келгенде “бизди унутуп, пансионатыңды гүлдөтө бер” — деп түшүнө алчу эмесмин. Кийин өзүм иштеп калганда гана түшүндүм. Учурда жолдошум: “бизди унутуп, санаторийиңди гүлдөтө бер” деп тамашалап калат. Жалпы эмгек жамаат жетекчи болуумду суранганда аял кишиге жетекчилик кылуу кыйын болсо керек деген ойдо бул сунуштан баш тартууну ойлонгом. Бирок жолдошум: “Жок Лира, жалпы жамаат суранып жатса, баш тартканың болбойт. Башкалар жетекчиликти талашып жатпайбы, суранычты четке какпа” деген кеңешин берип колдогон. Ошондон бери моралдык жактан кеңешин, колдоосун аябаган жолдошума ыраазымын. Кудайга шүгүр 2 кыз, 1 уул, 5 неберенин бактылуу ата-энесибиз. Жолдошум экөөбүздүн көп жерибиз окшош. Өзгөчө ишке берилип майын чыгарган сапаттарыбыз төп келишкен. Анткени эртеңки күнү артыңда жакшы иш, жылуу пикир калышы керек деген ураанда иштеп, келген конокторго баардык шарттарды түзсөк, эс алуучулар жылуу батасын берсе дейбиз.

  • Жаңылбасак былтыр келиндүү болгонуңуздан да кабарыбыз бар…

-Ооба. Алгач келин келгенде дагы бир ирет кыздуу болгондой кубангам. Кудайыма шүгүр, маңдайы жарык кызым бар, келиним деп айткым келбейт. Оорумду колдон, жеңилимди жерден алып, кубансам маңдайы жарыла кубанып, кайгырсам кошо кайгырып турат. Келиндүү болгон абдан чоң бакыт экен. Башыбызга баш кошулуп, жаркылдап баарыбызга кубаныч тартуулады. Апалап күндө чалып турганы адатка айланды. Буга көнүп калгандыктан күн сайын кечкисин келинимдин коңгуроосун күтөм. Эгер чалбай калса: “ооруп калдыбы, эмне болду?” деген санаага батам. Апам менен чоң апамдын ынтымагына суктанчумун. Чоң апам 101 жашында каза болгон. Апам 60тан ашып калса да чоң энемдин уруксатысыз иш кылчу эмес. Өмүрү экөөнүн ортосунда чыр-чатак, таарыныч болбоптур. Буйруса келиним экөөбүз да ушундай мамилени сактап калабыз деп терең ишенем.

  • “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, көп жылдан бери аталган санаторийди жетектеп келесиз? Бул жердеги эмгек жамаатыңыз деле жакыныңыздай болуп калса керек?

-Албетте. Биздин ортодо жетекчи, кызматкер деген түшүнүк жок. Жалпы жамаат 500дөй, баарыбыз бир туугандайбыз. Кээде ката кетирген кызматкерлерди уяткарып, тартипти талап кылам. Бирок, эч качан жумуштан айдоого барган жокмун. Үй-бүлөлөрүндө көйгөйлөр жаралса чечип берүүгө аракеттенем. Көп учурда жамаатыма ишенем. Баардыгы аракетчил, талаптарды ойдогудай аткарышат. Бул мени кубантат. Жылда туулган күнүмдө күтүүсүз белек жасашат. Бир жолу жумушка келсем 60-70тей кызматкер кабинетти кооз кылып жасап, дасторконду жайнатып, гүл кармап күтүп турушуптур. Ар бири оригиналдуу куттуктоо айтышат. Дагы бир жолу туулган күнүмдө жумушка келсем: “ашкана жактан кириңиз” дешти. Ашканага дасторкон даярдап, баардык кызматкерлер “туулган күнүңүз менен” деп хор менен ырдап тосуп алышты. Андан соң конференц залга киргизишип бала чактан берки сүрөттөрүмдөн слайд шоу даярдап көрсөтүштү. Ушунчалык толкунданып, кубанып, бактылуу экенимди сездим. Мен да аларга ошондой жооп берүүгө аракет кылам. Тилекке каршы каражат маселеси кендирди кесип турган заманда бөлүнгөн кичинекей акчага бир эмес, эки нерсени жасоого аракетин жумшаган жалпы жамааттан айланса болот.

Жалпы жамаатыңыз менен ишиңизде кандай мактанаарлык ийгиликтерди жарата алдыңыздар?

-Ийгилик бир жылда боло койбойт. Бир жылы белгилүү компания менен биргеликте Россиянын суук аймактарынан үч айга 200 баланы эс алдырууга жолдомо берүүгө келишим түзгөнбүз. Тилекке каршы белгиленген мөөнөткө 1 жума калганда планыбыз ишке ашпай калды. Мындай учурлар бизде көп ирет кездешет.

Жакында Москвага барып 30 дан ашык менеджери бар курорттук дүкөн менен келишим түзүп, аттестация алып келдик. Буйруса биздин санаторийдин жолдомолорун мындан ары алар да сата баштады. Буйруса Омск, Томск, Кемероводон инфотурга апрелде менеджерлер келет. Май айынан ишибиз дагы да алдыга жылганы турат. 50 жылдан бери ремонт көрбөгөн имараттарыбызга сантехникаларды койдуруп, жаңыртып жатабыз. Балдар үчүн бөлмөлөр, китепкана курулууда. 1-корпусубузга ремонт жасалып, эмеректерин алмаштыруудабыз. Андан сырткары көрктөндүрүү боюнча конкурсубуз да өз ишин улантууда. 300дөн ашуун өрүк тигип, бакчабызды көрктөндүрдүк. 2010-жылы биздин санаторийге 36 млн. сом киреше кирген.

Ал эми 7 жылдын ичинде кирешенин суммасы 114 млн. сомго жеткени биздин экономикалык көрсөткүчтүн өскөнүнөн кабар берет. Мамлекеттик бюджетке түшкөн каражат мурда 8 млн. сом болсо, учурда 22 млн. сомго жетти. Жалпы жамааттын иштеги жакшы көрсөткүчү деп санаторий мурда 2-даражадагы медициналык аккредитацияда болсо, учурда жогорку даражадагы медициналык аккредитацияга жеткендигин айтууга болот. О.э. “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийи Кыргызстан профсоюздар федерациясынын аныктоосунда, туризм мекемелеринин арасында 2014-жылы сапат боюнча алдыга чыктык. Бизде 10го жакын ден соолукту чыңдоо ыкмалары ишке кирди. Мунун негизинде дарыгерлер “Саламаттыкты сактоонун отличниги”, “Маданияттын мыкты кызматкери” болушту. Андан тышкары заманбап соркычкычтарды ишке киргиздик, ысык суу менен камсыздалдык. Акырындык менен бөлмөлөрдү оңдоп келе жатабыз. Мурда лабораториябыз жок болсо учурда лабораториялуу болдук. Кызматтык келишимдин негизинде кызматкерлерге жамааттык келишим түзүп “13-айлыкка” жеттик, ар кандай сый акыларды киргиздик. Мунун баары кызматкерлерге мотивация жаратмакчы. Андан тышкары Вашингтондон сыйлык алып келдик. Эки жолу болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышып, Ысык-Көл облусу боюнча тамак-аш жагынан 1-орунду алдык.

Шахноза ЖУЗУП

Булак: Элита плюс журналы