Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор 2020-жылдын 1-июнуна чейин өлкөдөн чыгып кете алышарын тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, 1-июнга чейин чет элдик жарандардан каттоосу тууралуу документ жана виза талап кылынбайт.

Кыргызстандын кээ бир аймактарында өзгөчө абал режиминин узартылганына байланыштуу чет элдик жарандар үчүн «жашыл коридордун» мөөнөтүн узартуу чечими кабыл алынган. Демилгени министрлик көтөрүп чыккан.