РИА Новости маалымат агенттиги, карантин учурунда баланы гаджетке болгон көз карандуулугунан кантип сактап калса болоорун жазып чыкты.

Психолог Ангелина Дорогунцеванын айтымында. “Хобби же башка кызыккан нерселери жок балдар сабакка барбай, достору менен кезикпей үйдө отурганда гаджетке абдан жакындап кетет. Айрым ата-энелер баласы смартфондон же планшеттен колу бошобогонуна сүйүнүп, жанынын тынчына карайт. Бирок бул адат изоляциядан чыккан күндө дагы, бала менен калып калышы мүмкүн”, – дейт Дорогунцева. Адистин айтымында, бала гаджеттен көз каранды болбошу үчүн жашоодо көбүрөөк жагымдуу эмоцияларды алышы керек.

“Мисалы, көңүлүн көтөрүүчү оюндар, спорт, кызыктуу чыгарма, өзүнө жаккан үй жумуштары балага жакшы сезимдерди тартуулайт”,  – дейт психолог.

Виртуалдык жашоого көнүп алган өспүрүм башкалар менен бат тил табыша албай, өз алдынча чечим кабыл аларда кыйналат. Ошондой эле күнүмдүк жашоодо майда-чүйдө, бирок жагымдуу нерселердин ырахатын сезбей калат. Андыктан адис ата-энелерге балага көбүрөөк көңүл бөлүп, мээрим төгүп, жакшы тарбия берүүгө үндөйт.