Юлия Тимошенко саясий куугунтуктан тарткан чыгымдары үчүн компенсация алып, миллионер болду.

Бул тууралуу centralasian.org маалымат агенттиги жазып чыкты. Украина Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча улуттук агенттиктин сайтындагы декларацияга ылайык, 24-апрелде Тимошенкого 148 миллион гривен өлчөмүндө киреше түшкөн.

Кирешенин булагы “2011-2014-жылдардагы саясий репрессиядан тарткан зыяндын компенсациясы” экени көрсөтүлгөн.

Саясатчы каражатка сотко чейинки териштирүү баскычында ээ болгон. Акчаны АКШнын Техас штатында катталган Reid, Collins, Tsai LPP компаниясы которгону маалым болгон.

Белгилүү болгондой, Юлия Тимошенко 2011-жылы президент Виктор Януковичтин тушунда Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызматтан кыянат пайдаланууга айыпталып, жети жылга абакка кесилген.

«Нафтогазга» бир жарым миллиард гривен төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Ал 2014-жылы өкмөткө каршы нааразылыктар, толкундоолордон соң бошотулган.