Ат-Башы районунда ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Жалпы 8 блокпост жана 5 фильтрациялык посттордо медицина кызматкерлери, аскердик бөлүктөрдүн кызматкерлери, ветеринардык кызматкери, ӨКМ кызматы, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана башка кызматтар кирип чыккан автоунааларды текшерүү менен максатсыз үйлөрүнөн чыкпоого эскертип жугуштуу илдеттин жайылышын алдын алууда күнү-түнү кызмат кылышууда. Ошондой эле, постто кызмат өтөп жаткан кызматкердер керектүү болгон жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган. Азыркы учурда, атайын бөлүнгөн маршруттук топтор эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өзгөчө абал режимин туура сактоо жана алардын шарттарын бузбоо боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ат-Башы районунун комендатурасынын басма сөз кызматы