Урматтуу мекендештер!
Бүгүн 5-май – сүйүктүү Кыргызстаныбызда Конституция күнү. Өлкөбүздүн өнүгүү багытын аныктаган, келечек пайдубалы үчүн негиз болуп берген башкы таянычыбыз – бул Конституция.
Өз алдынча көз карандысыздыкка ээ болуп, суверендүү мамлекет болгонубузга 29 жыл убакыт өттү. Бул убакыт аралыгында көптөгөн оош-кыйыш күндөргө туш болдук. Мамлекеттүүлүгүбүздүн да тагдыры тараза ташына салынып, “жашап кете алат”, “жашап кете албайт” деген сыяктуу карама-каршылыктуу пикирлердин калчоосунда калган да учурлар болду.

Элибиздин акылмандыгы, ар кандай коркунучтарды аңдай билген артыкчылыктарынын аркасында биз ал коркунучтардан татыктуу чыгып кете алдык.
Жаш мамлекет өзүнүн чыныгы өнүгүү жолун таап кетүүсү үчүн кандай сабактарды алышы керек болсо, анын баарын ушул 29 жыл ичинде алдык. Эки жолу революция жасалды. Бирок, эми үчүнчү ирет андай жол менен бийлик алмаштыруу өлкөбүздү талкалап алууга гана алып бара турганын аңдадык. Бул биз үчүн чоң сабак болду. Ал эми бүгүнкү күндө дүйнө мамлекеттерин сестентип турган COVID-19 пандемиясы да Кыргызстан үчүн сабак болуп отурат. Биз ар кандай күтүүсүздүктөргө ар дайым даяр болушубуз зарылдыгын түшүндүк.
Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги кең болсун, өнүккөн өлкөлөрдүн сап башында тура тургандай болсун деген ар бирибиздин изги тилегибиз бар. Кудай буюрса, Жараткан өзү колдосо бул тилегибиз да ишке ашат. Ал үчүн ар бирибиздин жасаган иш-аракеттерибиз Конституциянын негизинде гана жүрүшү керек. Мыйзамдын үстөмдүгү орногон өлкөлөрдө гана өнүгүү болору белгилүү. Андыктан жалпыңыздарды Конституция күнү менен куттуктайм.
Өлкөбүз ушул күнгө чейин алган сабактарынан туура бүтүм чыгарып, эртерээк өнүгүү жолуна түшсүн. Жасаган эмгегибиз өлкө кызыкчылыгында гана болсун.
Ар бириңиздерге үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалайм. Майрамыңыздар кут болсун!