Коом

«Боюңдан алдырасың» деп күйөөсү жаш келинди сабаган

Колунда үч айлык наристеси бар, 20 жаштагы келинди күйөөсү уруп, көчөгө чыгарып койгон.

Күйөөсүнүн ур-токмогунан бети-башы жарадар болгон келиндин жагдайы менен тамада Эрнест Бөрүбаев өзүнүн инстаграммдагы жеке баракчасына жарыялады.

Айтымында келин жолдошу менен 1,5 жылдан бери жашайт. Аны «боюңдан алдырасың» деп сабаган.

«Ушул жашка келип, канчалаган эркекче мушташтарды көрдүм бирок, бул келиндин бети көгөргөндөй мыкаачылыкты эч жерден көргөн эмесмин”- деп жазган Бөрүбаев.

Келинди көчөдө үйсүз калганын билген жарандар өздөрү жашаган короодогу бош батирге киргизип коюшкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button