Адамдардын ортосунда байланыш көбөйсө өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчушу ыктымал экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эскертти.

«Оорунун өзүнүн өрчүй турган процесси бар. Вирус организмге кирип, өрчүгөнчө кеминде 14 же андан да көп убакыт өтөт. Ошол учурда деле жугушу мүмкүн. Вирустун жугуу потенциалы өтө жогору экен. Адам үйгө көтөрүп кирген баштыктары же үстүндөгү кийими менен деле алып келиши ыктымал. Баарыбыз тыгыз байланышта болуп, аралыкты сактабай жатабыз. Дагы бир жолу суранып кетет элек, дистанцияны сактаңыздар!»,-деди.

5-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуукан 843 адам катталды.