Урматтуу мекендештер!
Ардактуу эгемендүү Кыргызстаныбыздын атуулдары!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан 5-май — Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Эркиндик элибиздин башкы байлыгы, бабалардан калган ыйык мурасыбыз. Мына ошол эгемендүүлүк менен катар 1993-жылы тарыхый, демократиялык баалуулуктарыбызга шайкеш келген Башмыйзамыбыз кабыл алынган.
Бул Башмыйзам жаӊы курулган кыргыз мамлекетинин пайдубалын түптөп, өлкөнүн келечектеги багытын аныктоого шарт түзгөн. Бирок, ара жолдо өз билемдигине салгандардын башаламан саясатынан Конституция бир топ өзгөрүүлөргө учурап, 2010-жылга чейин бийликтин кызыкчылыгы үчүн алмаштырылып келгени да жашыруун эмес. Анткен менен эркиндикти сүйгөн элибиз, эки жолу бийликти күч менен алмаштырып, акыр аягы мыйзамдуу элдик башкарууну тандады.
Кандай гана болбосун алгачкы Конституциябыз кабыл алынган күн — Кыргызстандын тарыхында маанилүү күн катары кала берет. Анткени 27 жыл мурун кабыл алынган Башмыйзам өлкөбүздүн эгемендигин даӊазалаган негизги кадам болуп саналат.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Дагы бир жолу сиздерди Конституциябыздын кабыл алынган күнү менен куттуктап, өлкөбүзгө биримдик жана тынчтык каалайм. Баарыбыз мыйзамды бекем сактап, эгемен мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн эмгектенели.

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын